Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Борбор Азия энергетика айлампасында авария болду


Кечээ Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария катталды. Казакстандагы катуу бороондон 12-январда түштөк кийин Чымкент-Жамбыл 500 кВ линиясы өчкөн. Кечинде Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калды. Азыр Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр биз ошол бир линиядан гана электр жарыгын алып жатабыз. Анын электр энергиясын берүү кубаттуулугу 1000 мегаватт. Ал эми Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл 1900 мегаваттка чейин алат. Биз калган 500 мегаватты ички системадагы кичинекей станциялардан, энергетикалык жылытуу борборунан алышыбыз керек. Тез арада бул өчкөн линиялар калыбына келтирилбесе биз электр жарыгына чектөө киргизишибиз мүмкүн. Бирок азырынча чектөөсүз иштеп жатат.

Маалыматка ылайык, Казакстанда 110, 200 кВ линиялар да өчкөн. Казак энергетиктери бүгүн таң менен бороон токтогондо гана оңдоого киришти. Кыргыз адистеринин тобу да аталган линияларды калыбына келтирүүгө көмөктөшкөнү жөнөп кетишти. (AKu)

XS
SM
MD
LG