Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Москвада бала асырап алууга салынган тыюуга каршы жүрүш болду


Орусяда балдарды АКШ жарандары асырап алышына тыюу салган соңку мыйзамга байланыштуу Мамлекеттик Думаны таркатууга чакырган саясий оппозиция бүгүн жүрүш жарыялаган. Шаар бийликтери жүрүшкө 10 миңге жетпеген киши келди десе, уюштуруучулар 30 миң деген санды атап жатышат. Жүрүш өтө турган жолдордун чекесине темир детекторлор коюлуп, көчөлөрдо төрт миңдей полиция жайгаштырылды. Жүрүштө сөз сүйлөнгөн жок, катышуучулар жүрүш бүткөндөн кийин тарап кетишти. АКШ адам укуктарына шек келтирген Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө санкция киргизгенден кийин, Орусияда мыйзамгерлер америкалыктардын орусиялык балдарды асырап алышына тыюу салган мыйзамды жактырган эле.

XS
SM
MD
LG