Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Орусияда полиция тажик жаранын атып салды


Тажикстандын Москвадагы элчилиги билдиргендей, 25 жаштагы Жумахон Азизов шаардын Одинцово ооданындагы ооруканада үзүлдү. Полициянын ырастоосунда, эки тартип коргоочу анын машинасын токтотуп, айдоочудан документин сураган, бирок Азизов бычагын алып чыгып, сес көрсөткөн. Машинадагы калган төрт тажик жараны азыр камакта. Тажикстандын элчилиги бул тууралуу бийликтерден маалымат болбогонун, кабарды гезиттерден окушканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG