Чарбак жаңжалынан улам кыргыз өкмөтү түзгөн тармактар аралык комиссиянын өкүлдөрү бүгүн чыр чыккан Чарбак айылына барышат. Алар айыл тургундары менен жолугушуп, айылдын социалдык-экономикалык абалы менен таанышат. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Чарбак айылында буга чейин электр энергиясы, ичүүчү суу жана дары-дармек маселеси чечилгенин “Азаттыкка” билдирди.
Чарбак жаңжалынан улам кыргыз өкмөтү түзгөн тармактар аралык комиссиянын өкүлдөрү кечээтен бери Баткенде жүрүшөт. Тиешелүү министрликтер жана мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган топту кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров жетектөөдө. Комиссияга Чарбак чатагына күнөөлүүлөрдү тактап, абалдан чыгуунун жолдорун аныктоо милдети жүктөлгөн. Жумушчу топ чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү үчүн кайсы министрлик тез арада кандай иштерди жүргүзүү керектигин аныктап, өз сунуштарын иштеп чыкмакчы.
5-январда Баткендин Чарбак айылындагы чек ара тозотуна электр мамыларын орнотуудан тутанган жаңжалдын натыйжасында Чарбак айылынын бир топ тургуну коңшулаш Өзбекстандын Хушяр айлынын тургундары тарабынан барымтага алынып, айыл электр жарыгысыз, ичүүчү суусуз калган.
Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтууда. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарылганын билдирип келет.(JsA;ZKo)