Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Сохко жакын беш айылга өзгөчө абал киргизилди


Өзгөчө абал кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун чечими менен 8-январдан тарта Баткен районуна караштуу Суу-Башы, Кыштут, Дара айыл округдарына жана Кадамжай районунун Бирлик, Ак-Турпак айыл округдарына киргизилген. “Азаттыкка” облустук бийликтин укук-тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн тастыкташкандай, өзгөчө абал аскерий жагдайда эмес, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин багытында Сох анклавындагы кырдаалга байланыштуу жарыяланды. Ага ылайык, өзгөчө абал аймактагы кырдаалдан улам жогорудагы беш айыл округунда пайда болгон социалдык маселелерди убагында чечүү, жергиликтүү элди дары-дармек, электр энергиясы, ичүүчү суу, транспорт жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында киргизилген.

Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткендин Чарбак айылында 5-7 январь күндөрү чыр чыгып, өзбек тарап 30 чакты кыргыз жаранын барымтага алып койгон. Чатакка Сохтун Хушяр айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотуна электр линиясын тартуусуна каршылык көрсөтүшү себеп болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG