Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстандын түндүгүнө электр энергиясын берүү чектелиши мүмкүн


Бул Борбор Азиядагы электр айлампасындагы аварияга байланыштуу аргасыздан жасалуучу кадам болушун энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 12-январда Казакстандын Шымкент облусунда болгон бороондон улам Борбор Азиянын энергетикалык айлампасында авария болуп, андан Кыргызстандын түндүгүнө электр энергиясын берүү жабыркаган. Натыйжада электр энергиясы Токтогул - Фрунзе линиясы аркылуу гана берилүүдө, бул линиянын суткалык электр энергиясын берүү кубаттуулугу -1000 мегаватт, ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй аймактары 1900 мегаватт алат. Министр 500 мегаватт ички системадагы чакан станциялардан, жылытуу борборунан алынып жатканын айтып, айлампа тез арада калыбына келтирилбесе, Кыргызстанда электр энергиясына кескин түрдө чектөө киргизилүүсү ыктымалдыгын эскертти.

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан электр энергиясын алат. Айлампадагы түрдүү маселелерден улам Кыргызстан андан көз карандысыз Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын курууга киришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG