Өлкөнүн премьер-министри Первез Ашраф Кветтадагы сектанттык кол салуудан кийин ушундай кадамга барды. Ал жекшембиде Кветта шаарында нааразылык акциясына чыккан шийилер менен жолугушууда жергиликтүү бийликти кызматтан аларын убада кылган. 10-январда Кветтадагы жардырууда 90дон ашык киши каза таап, 121и жараат алган эле. Миңдеген теги хазара шийилери үч күндөн бери коопсуздукту бекемдөөнү талап кылып, 10-январда өлтүрүлгөндөрдүн табыттары менен жол кыймылын бууп турушкан.
Первез Ашрафтын жарыясына жооп кылып, нааразылык акциясынын катышуучулары дүйшөмбүдөн тарта сөөктөр жерге бериле башталарын билдиришти.
Первез Ашрафтын жарыясына жооп кылып, нааразылык акциясынын катышуучулары дүйшөмбүдөн тарта сөөктөр жерге бериле башталарын билдиришти.