Франциянын демилгеси боюнча Коопсуздук кеңеш дүйшөмбүдөгү жыйынында Африканын түндүгүндө болуп жаткан кырдаалды талкууламакчы. Белгилүү болгондой, үч күндөн бери Франциянын куралдуу күчтөрү Малидеги Гао шаарынын айлданасында террорчул козголоңчуларга абадан сокку урууда. Француз коргоо министри Жан-Ив ле Дриан аткылоолор террорчул козголоңчулар Малидеги борбордук шаарлардан чыгып кеткиче уланарын билдирди.
Өткөн жумада козголоңчулар Малинин борбору Бамакону ээлеп алышкан. Көпчүлүк исламчыл террорчулар Малини ээлеп алышса бүтүндөй Африка эле эмес Европага да коркунуч келтирет деп эсептешет. Малиде исламчыл козголоңчуларды жок кылуу үчүн сырттан кийлигишүүнү БУУнун Коопсуздук кеңеши, Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттары жактырган.