Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Францияда бир жыныстагылардын никелешүүсүнө каршы жүрүш болду


Кечээ Париждин көчөлөрүнө он миңдеген кишилер чыгып, өкмөттүн бир жыныстагы адамдардын никелешүүсүнө уруксат берүүсүнө каршылыгын билдиришти. Франциянын президенти Франсуа Олланд быйыл жайында бир жыныстагы адамдардын никелешүүсүн мыйзамдаштырып, аларга бала асырап алууга уруксат берүү ниетин билдирген болчу.

Серепчилер парламенттеги көпчүлүктү ээлеген анын Социалисттик партиясы бул мыйзамды жактырат деп эсептешет. Бирок католик чиркөөсү жана эскичил саясатчылар бул мыйзамга караманча каршылыгын билдирип келишүүдө.

Бир жыныстагы адамдардын никелешүүсү Бельгия, Нидерланды, Испания жана башка 11 өлкөдө, ошондой эле АКШнын тогуз штатында мыйзамдуу деп таанылган.

XS
SM
MD
LG