Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Таласта катуу шамалдан отуз үй жабыркады


Таласта катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, өткөн дем алыш күндөрү, 12-13-январда Таластын Кара-Буура районундагы Шекер, Көк-Сай жана Аманбаев айылдарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал жүрдү. Отуз турак үйдүн 500дөн ашуун чарчы метр темир калканы, 402 шифери жана сарай-бастырмаларынын 91 чарчы метр темир калканы, 250 даана шифери жарабай калды. Адамдар жабыркады деген маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG