Кыргыз улуттук консерваториясынын 20 жылдыгына карата концерттердин юбилейлик программасы башталат. Бул тууралуу консерваториядан кабарлашты. Алгачкы концерт жаш ырчы, эл аралык конкурстардын лауреаты, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисткасы Элнура Самарбекованын чыгармачылыгына арналат. Сопрано үндүү Самарбекова өз талантын классикалык музыка күйөрмандарына 15-январда өтө турган концертте тартуулайт. Аны менен кошо жаш таланттар Жеңишбек Ысманов жана Данияр Мусаев ырдайт. Концерт консерваториянын чоң залында өтөт. (RK)