Бишкек шаарынын Малдыбаев атындагы көчөсүндө жашаган электр үчүн төлөбөй келаткан абоненттер карызынан кутула баштады. Бул тууралуу бүгүн "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты. Бул үйлөр Ататүрк паркынын четинде жайгашкан. Өткөн айда электриктер атайын рейд жүргүзүп, карызы өтө көп болуп, айрымдарыныкы жарым миллионго жакындап калганын айтып чыккан. Милицияга кайрылып, тиешелүү чара көрүүнү өтүнгөн. Рейд учурунда карызы барлар тууралуу телерепортаж тартып жүргөн Коомдук каналдын эки кабарчысы сабалган. Аларга кол көтөрдү деп шектелген жаран тергөө бүткөнчө деп эки айга камалды. (RK)