Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Баткен: Чек арадагы айылга жол жабылып калды


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара аймагында жайгашкан Баткендин Кара-Шоро айылы менен жол каттам жабылып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Баткен районунун Чарбак айылындагы жакында болгон окуяга байланыштуу чек ара посттору жабылгандыктан Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро айылына эл Шивели жайлоосу аркылуу каттап жаткан. Бирок өткөн ишембиде ал жерге калыңдыгы 1,5 метр кар жаагандыктан жол убактылуу жабылып калды. Учурда тиешелүү техника тартылып, карды тазалоо иштери жүрүп жатат. 45 чакырым жолдун 23ү тазаланып бүтүп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG