2017-жылга чейин Кыргызстан калкынын татыктуу жашоосуна шарт түзө ала тургандай мыкты экономикасы, туруктуу саясый системасы бар бекем, демократиялык мамлекет катары калыптануусу шарт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты. Жыйында өлкөнүн келерки беш жылда өнүгүүсүнүн Жол картасы талкууланып кабыл алынды.
Алмазбек Атамбаев сунуштаган Кыргызстандын алдыдагы беш жылга карата өнүгүүсүнүн Жол картасы боюнча жалпысынан 70тей долбоор ишке ашырылат. Алдыдагы беш жылда Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл сайын кеминде 7%га жогорулап, 2017-жылы азыркыдан 2 эсе өсүп, 630 миллиард сомду түзүүсү керек. Инфляция быйыл жана эмки жылы 9%дан, ал эми 2015-2017-жылдары 5-7%дан ашпашы керек. Калктын орточо жаш курагы азыр 69 болсо, беш жылдан кийин 73 жаш болот деп болжолдонууда.
Жол картасында айыл чарба, энергетика, жол жана кен казуу багыттары камтылган. Улуттук кеңештин курамында өкмөт, парламент, бизнес өкүлдөрү бар. Аны президент өзү жетектейт. (ZB/RK)