Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:51

Атамбаев: Чек ара маселесин чечүүдө сабырдуулук керек


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында чек ара маселелери боюнча оюн билдирди. Анын айтымында, чек араны чечүүдө сабырдуулук керек. Жыйында өлкөнүн беш жылдык Жол картасына чек араны тактоону да кошолу деген сунушка жооп берип жатып, президент чек ара маселесин чечүүдө кайсы бир мөөнөттү коюуда Кыргызстан уттуруп коюшу мүмкүндүгүн айтты.

- Чек араны бул убакыттын ичинде чечели деп мөөнөт койсок шашкандай болобуз. Антип мөөнөт койсок уттуруп коюшубуз мүмкүн. АКШ менен Канаданын чек арасы эки жүз жылдан бери аныктала элек. Албетте бизге эки жүз жыл кереги жок, бирок кыска мөөнөттө эле чечип салалы деп чек койгон да болбойт. Бул маселе бышып жетилди, жарылып да кетүүдө, ачык айтканда. Бирок чек ара маселесин, албетте, стратегияга кошолу.

Президент ошондой эле "мурдагы бир министр биз Сох маселесин 2006-жылы эле чечмек элек, тиги-бул деп жатат. Биз анын кантип чечмек болгонун билебиз. Сохтун жанын такыр эле берип салмак. Андай чечимдин бизге кереги жок. Кыргызстандын кызыкчылыгын караш керек”, - деп кошумчалады.

Президент башында турган Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш бүгүн 2013-2017-жылдарга өлкөнүн стратегиялык иш-планын бекитти. (ZB)

XS
SM
MD
LG