Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Өзбекстандан көчүп келген кыргыздарга укуктук жардам көрсөтүлөт


Июн окуясынан кийин Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келип жашап жаткан кыргыздарга юридикалык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Борбор Азиянын Евразия фонду" уюмунан кабарлашты. Фонддун өкүлү Виталий Катаргиндин айтымында, июн окуясынан кийин ага чейин Өзбекстанда жашап жүргөн, ошол өлкөнүн жарандыгын алган теги кыргыз эки миңдей киши Жалал-Абад, Ошко көчүп келген. Айрыкча Жалал-Абаддын Аксы, Ноокен жана Сузак райондорунда мындай жарандар көп. Алар башка мамлекеттин жараны болгондуктан кыргыз паспортун алууда, үй-жайлуу болуп, ишке орношууда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда. Көбүнесе маалыматтын жетишсиздиги да оорчулук жаратып жаткандыктан жергиликтүү активисттер аркылуу аларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бекер консультацияга каражатты Евразия фонду бөлүп берет.

2010-жылдын июн айында Ош менен Жалал-Абадда кыргыз жана өзбек жарандардын ортосунда жаңжал чыккан. 400дөн ашуун адам мерт болгон. Мурда өзбек жарандарына күйөөгө чыккан кыргызстандык аялдардын айрымдары да балдары менен төркүнүнө кайтууга мажбур болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG