Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Ташиев тергөө абагынан клиникага которулду


"Ата-Журт" партиясынын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан ушул эле мекеменин клиникасына которулду. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлоодо.

12-январда Турсунбек Акун Камчыбек Ташиевдин өзү менен, аны караган дарыгер менен жолукту. Депутаттын ашказан жарасы стационар шартында дарылануусу зарыл экени айтылды.

Ташиев жана "Ата-Журт" партиясынан дагы эки депутат - Садыр Жапаров менен Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагында отурат. Тергөө аяктап, сот эми гана, 10-январда башталды.

Камактагы депутаттар жана алардын жактоочулары бул кылмыш иш укуктук эмес, саясый мүнөзгө ээ экенин, алардын күнөөсү жоктугун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG