Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Пакистан: таза шайлоону талап кылгандар Исламабадга чогулууда


Тахир ул-Кадри
Тахир ул-Кадри
Таасирлүү диний лидер Тахир ул-Кадри жетектеген миңдеген демонстранттар өкмөттү “коррупциялашкан” деп айыптап, быйыл жазда өтө турган шайлоого чейин жумурияттагы шайлоо системасын реформалоону талап кылып жатышат. “Рейтер” агенттигине сүйлөп жатып, Кадри өлкөдөгү шайлоо системасы бийликке таза адамдар келлишине жол ачышы керек деди.

"Биздин талап ушу: жети ай өттү, бирок өкмөт Борбордук шайлоо комиссиясына системаны өзгөртүүгө укук бере элек. Демек, шайлоо акыркы 60 жыл кантип өткөн болсо, ошондой өтө берсин дешет. Бул дегени парламентке кайрадан эле диплом сатып алгандар, салык төлөөдөн качкан уурулар, коррупционерлер же кылмышкерлер келиши мүмкүн дегенди билдирет. Анткени алар шайлоодо кантип көз боёмочулук менен өтүп кетиштин ыгын өздөштүрүшкөн. Бирок биз мыйзамды бузгандар парламентке келишине каршыбыз", - деди Кадри.

Лахордон 7 миңдей адамды жүктөгөн автобус, машинелер борбор калаага кечээ жөнөп кетишкен. Бүгүн Исламабаддагы нааразылык акциясына 15 миңдей адам чогулат дешет. Адамдар 61 жаштагы сунни руханий лидеринин сүрөтүн жана байрактарды кармап алышкан. "Азаттыктын" Пакистандагы кабарчылары азырынча борбор калаага келчү негизги жолдор ачык экенин билдиришти.

Бир нече жыл Канадада жашап, өткөн айда Пакистанга кайтып келген Кадрини болсо азыр расмий бийлик алдыдагы шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылып жатат деп айыптоодо. Кадри мындай максаты жок экенин айтты.

XS
SM
MD
LG