Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Сасык тумоологондорго кошумча жардам тартылууда


Бишкекте сасык тумоологондорго жардам үчүн тез жардам топторуна кошумча күч тартылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт. Соңку айда тез жардам станциясында иштеген 41 кызматкер ден соолугуна байланыштуу ишке чыккан жок. Ошондуктан жардам сурап кайрылгандарга шаардагы башка бейтапканалардан дарыгерлер да жиберилип жатат. Саламаттыкты сактоо министри Дамира Сагынбаева да катуу тумоолоп жатканы айтылууда.

Медиктердин билдиргенине караганда, соңку күндөрү Бишкектин Тез жардам станциясына кайрылгандар саны көбөйүүдө. Мурда суткасына 600дөй болсо, азыр 700-800гө жетип жатат. Тез жардам унааларынын жалпы саны 36. Бирок алардын 25и оңдоого муктаж. (RK)

XS
SM
MD
LG