Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл тургундарынын малын айдап кеткен өзбекстандык жарандар кармалды. Биринчи Май айыл кеңешинин төрагасы Муктар Шербаевдин “Азаттыкка” айтымында, өзбек тарап кылмышка шектүүлөр колго түшкөнүн кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн кошуна өлкөнүн үч жараны Көк-Серек айылынын Жети-Үй участогуна мыйзамсыз кирип келип, жергиликтүү элдин малын баккан Капар Молдобековду уруп-сабап, ал багып жүргөн жандыктын арасынан 84 койду өз тарабына айдап кеткен.
Өзбекстандык чек арачылар уурдалган койлор өң-түс-эни боюнча табылганын жана ыкчам иликтөө иштери бүткөндөн кийин кайра кыргыз тарапка өткөрүлүп берилээрин билдирди. Малын сураган 10-15тей адам тынч таркап кетти. Башынан жараат алган койчу ооруканадан медициналык жардам алып кайра чыгарылды.
Соңку маалымат боюнча, уурдалган койлорду кайра айдап келатышат. (YA/RK)