Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

“Алтын глобус” сыйлыгынын негизги байгесин “Арго” утту


Бен Эффлек эки маанилүү сыйлыктын жеңүүчүсү болду, Калифорния, 13-январь, 2013
Бен Эффлек эки маанилүү сыйлыктын жеңүүчүсү болду, Калифорния, 13-январь, 2013
Беверли-Хиллсде “Алтын глобустун” быйылкы жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени – “Жылдын мыкты фильми” номинациясы боюнча сыйлыкты – 1979-жылдагы Иран революциясында америкалык дипломаттарды куткаруу аракети жөнүндө тасма алды. Бул фильмди актер Бенн Аффлек тарткан. Аффлек бул тасмасы үчүн “Жылдын режиссеру” деген номинацияны да утту.

Эр жүрөк агент Жеймс Бонд жөнүндөгү “Скайфолл” тасмасына ыр жазган британиялык ырчы Адель да “Алтын глобуска” ээ болду. Ал эми австриялык режиссер Михаэль Ханекенин “Сүйүү” деген фильми “Жылдын мыкты чет өлкөлүк тасмасы” деп табылды.

“Алтын глобустун” жеңүүчүлөрүн Голливудда жашаган 90го жакын чет өлкөлүк журналисттерден турган ассоциация аныктайт. Бул сыйлык келерки айда боло турган “Оскар” сыйлыгына “даярдык” катары аталып жүрөт.

XS
SM
MD
LG