Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Суталинов: Апрел окуясы үчүн моралдык жоопкерчилигим бар


Бүгүн апрел окуясы боюнча сотто Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов сурак берди. Кан төгүлгөнү үчүн күнөөлүү эмес экенин, бирок моралдык жоопкерчилиги чоң экенин айтты. Ошол себептен ооруп калганын кошумчалады. Учурунда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга кандайдыр бир таасир тийгизе албай калганын айтты.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адам атылган. Айып мурдагы президент Курманбек Бакиев жана ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилерине, Бакиевдин уулдары жана инисине тагылган. Соттук териштирүү ошол жылдын ноябрында башталган.

Суталинов 7-апрелден кийин дайынын билгизбей кетип, кийин кайра сотко өзү келген. Бүгүн ал ошол кезде Казакстанга качып кетти деген сөздөр жалган экенин айтты. Өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жашынып жүргөнүн кошумчалады.

Рак оорусуна чалдыкты деген диагноз менен ал учурда үй камагында жүрөт. Дарылануусу уланууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG