Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Тажикстанда куралчандар бир милиция кызматкерин атып өлтүрдү


Тажикстандын Согди облусундагы Өзбекстан менен чектеш райондо белгисиз куралчандар бир милиционерди атып өлтүрүп, экинчисин жарадар кылышты. “Азаттыктын” ошол аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, окуя бүгүн Конибодом шаарына жакын жердеги текшерүү постунда милиция машинени токтоткондо болгон. Чабуул койгондор окуядан кийин качып кетишкен. Азыр иликтөө иштери башталды.

Өткөн аптада ишине тыйуу салынган Өзбекстан ислам кыймылынын (ӨИК) мүчөсү болушу мүмкүн делген эки адам кармалган эле. Кыймыл Борбор Азияда ислам халифатын курууну самайт жана Талибан, “ал-Каида” террор уюму менен байланышы бар деп айтылып жүрөт. ӨИК региондо активдүүлүгүн басаңдатып, акыркы мезгилдерде операцияларын көбүрөөк Ооганстанда күчөткөнү белгилүү.

XS
SM
MD
LG