Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Сирияны Эл аралык кылмыш сотуна берүү талап кылынууда


БУУ Коопсуздук кеңешине мүчө элүү алты өлкөнүн Сирия бийлигин Эл аралык кылмыш сотуна берүү тууралуу талабын Коопсуздук кеңешке Швейцария жолдоду. Сирия Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болбогондуктан, Коопсуздук кеңешинин жолдомосу аскерий кылмыштарды иликтөөгө мүмкүнчүлүк берет. Талапка кол койгон өлкөлөрдүн башында Британия, Франция жана Германия турат, ал эми Орусия менен Кытай ага кол коюудан баш тарткан.

БУУнун адам укуктары боюнча башчысы Нави Пиллей Коопсуздук кеңеши Сирия өкмөтү жасаган кылмыштары үчүн жоопкерлигин кепилдеши керек деп билдирди. Улуттар уюму акыркы 22 айдан бери уланып келе жаткан жаңжалда 60 миңден ашуун сириялык өлгөнүн маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG