Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Издөөдөгү Анапияев милиционер Шоноевдин өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирди


Эл аралык издөөдө жүргөн Анапияевдин билдирүүсүн бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында анын адвокаты Самат Заков таратты.

Заков айрым маалымдоо каражаттары Шоноевди өлтүрдү деген шек менен кармалган жаранды "Анапияевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү" деп айтып жатканы чындыкка дал келбесин билдирди. Жергиликтүү маалымат каржаттарынын айрымдары "кылмышка шектүү деп кармалган Жылдызбек Карамбаев Алманбет Анапияевдин уюшма тобунун мүчөсү" деген кабар тараткан.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди 11-январда кечинде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында, үйүнүн жанынан атып кетишкен.

Анапияев өзү Кыргызстанда Кылмыш кодексинин адам уурдоо, талап-тоноочулук жана адамды эркинен мыйзамсыз ажыратуу деген беренелери боюнча айыпталып, эл аралык издөө салынган. Айрым маалыматтар боюнча Анапияев Бириккен Араб Эмираттарында жашайт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG