Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Уюшма кылмыш топтор менен күрөш боюнча парламенттик угуу болот


Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы уюшма кылмыш топторго каршы күрөш маселесин парламенттик угууга алып чыгат. Жыйын 22-январда өтөөрүн парламенттин маалымат кызматы кабарлоодо. Иш-чаранын уюштуруучусу - Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети.

Талкууга «Уюшкан кылмышка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору коюлат. Ички иштер министри Шамил Атаханов негизги доклад менен чыгат.

Бул маселе парламентте былтыр июл айынан бери талкууланып келатат. Сунуш кылынган мыйзам долбоорлорунда уюшма кылмыш топторго каршы натыйжалуу күрөштүн жол-жобосу жазылганы айтылууда.

Өлкөнүн күч түзүмдөрү былтыр уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялап, жүздөгөн киши камакка алынган. Бирок жакшы натыйжа боло элек экенин талдоочулар айтууда.

11-январда ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG