Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыкмалары тууралуу китепче чыкты


Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, мыйзамдык негиздери, тартиби жазылган усулдук китепче иштелип чыкты. Долбоор АКШ өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ишке ашты. Китепченин бет ачары бүгүн Бишкекте өтүүдө. Кыргыз тилинде жазылган 1270 нуска жана орусча 1420 нуска жер-жерлерге таратылат. Ар бир облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттары эл, өкмөт жана жарандык коом өкүлдөрү менен кызматташуунун туура жолдору жөнүндө маалымат берүүчү тренингден өтөт.

Адистердин пикиринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кадр алмашуудан улам депутаттар билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн жогорулатууга муктаж. (RK)

XS
SM
MD
LG