Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

ИИМ: Полковникти өлтүргөндү табышкан кишиге бир миллион сом берилет


Полковник Шоноевдин өлүмүнө шектүүлөр тууралуу так маалымат берген кишиге Ички иштер министрлиги бир миллион сом бөлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, полковниктин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишти ачуу аракеттерин министрдин орун басары Болот Абакиров көзөмөлдөөдө.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук, коррупция башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Шоноевди 11-январда кечинде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында, үйүнүн жанынан атып кетишкен.

Кылмышка шектүү адам Бишкектен кармалганын «Азаттыкка» Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирген.

Айрым маалымдоо каражаттары "кылмышка шектүү деп кармалган Жылдызбек Карамбаев Алманбет Анапияевдин уюшма тобунун мүчөсү" деген кабар тараткан.

Бирок Анапияевдин адвокаты Самат Заков Шоноевди өлтүрдү деген шек менен кармалган жаран "Анапияевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү" деген сөз чындыкка дал келбесин бүгүн билдирди.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG