Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Кыргыздын туңгуч тарыхчысы Осмоналы Сыдык уулуна арналган китеп көргөзмө өтөт


Бишкекте кыргыздын туңгуч тарыхчысы Осмоналы Сыдык уулуна арналган китеп көргөзмө өтөт. «Мухтасар тарых Кыргызыйа» китебине 100 жыл» атуу көргөзмөнү 16-январда Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү уюштурууда.

Кыргыз элинин туңгуч тарыхчысы, агартуучусу жана санжырачысы Осмоналы Сыдык уулу 1875-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болуштугунда туулган. Анын «Мухтасар тарых Кыргызыйа» эмгегинде кыргыз урууларынын түпкү аталарынан тартып соңку уруу башчыларына чейин баяндалат. Китеп көргөзмөгө Осмоналы Сыдык уулунун китептери, макалалары жана ал жөнүндөгү материалдар топтолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG