Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Сирия премьер-министри Иранга барат


Иран - учурда эл аралык коомчулуктан обочодо калган Сирия лидери Башар Асаддын аймактагы башкы өнөктөшү.

Расмий Тегеран былтыр декабрда Сирия боюнча өткөөл өкмөт түзүүгө, парламенттик жана президенттик шайлоого өткөрүүгө чакырган тынчтык планын сунуш кылган.

Бирок Асаддын бийликте калыш-калбашы керектиги боюнча эч нерсе айткан эмес.

Сирия премьер-министри Ваиля ал-Халки расмий Дамаск камактан 2000дей кишини, сириялык согушкерлердин колунда беш айдан бери турган 48 ирандык жаранга алмашуу үчүн бошоткондон бир аптадан кийин келүүдө.

Бул аралыкта 50дөн ашуун өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинен Сирия кризисин Эл аралык Кылмыш сотуна берүүнү суранды. (UE)

XS
SM
MD
LG