Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Чарбак: Чек ара чатагындагы материалдык чыгым кайтарылууда


Чек ара чатагында жабыркаган Баткендин Чарбак айылынын тургундарынын материалдык чыгымын өзбек тарап кайтарып берүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов билдирди.

Эратовдун айтымында, өзбек тарап менен моралдык чыгым, жабыркагандардын дарылануусуна кеткен каражат тууралуу сүйлөшүү материалдык чыгым төлөнгөндөн кийин гана башталат:

Азырынча эч кандай сүйлөшүү жүргөн жок. Материалдык чыгымды төлөсөңөр, анан сүйлөшөбүз деп айттык. Район аралык комиссия иштеп жатат. Аны Баткен жана Сох райондорунун акимдери жетектөөдө. Көз каранды эмес эксперттердин тыянагынын негизинде жазылган акттар боюнча акчалай төлөп берип жатат. Эл ыраазы.

Азыркы тапта материалдык чыгымдын 30дай пайызы төлөнүп бүттү. Автоунаасы талкаланган жарандарга чыгымы толугу бойдон акчалай берилүүдө. Электр зымдары боюнча чыгым 700 миң сом деп бааланды. Мындан тышкары кээ бир тургундардын үйлөрүнө электр тартылган устундар түшүп кеткен. Анын да акчасы төлөнүп берилет деп күтүлүүдө. (BuS/RK)

XS
SM
MD
LG