Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Пакистан Жогорку Соту премьер-министрди камакка алууну буйруду


Ража Первез Ашраф.
Ража Первез Ашраф.
Жогорку Сот Пакистандын премьер-министри Ража Первез Ашраф менен кошо дагы 15 адамды 24 саат ичинде камоого буйруду. Сот премьер-министрдин энергетикалык долбоорлордогу коррупцияга тиешеси бар деп эсептөөдө.

Ашраф өкмөт башчылыкка келгенге чейин Пакистандын суу жана энергетика министри кызматында иштеген. Ал өзү 2010-жылы энергетикалык долбоорлорду жактырууда пара алган деген айыптарды төгүндөөдө. Премьер-министрдин кеңешчиси сот чечимин “конституциялык эмес” деп атады.

Өкмөт башчысын камоо чечими Исламабадда өкмөттүн кызматтан чегинүүсүн талап кылып, оң миңдеген киши жыйналган учурда чыкты. Аларды борборго Мухаммад Тахр ул-Кадри деген таанымал диниятчы баштап келген.

Телерепортаждарга караганда, демонстранттар сот чечимин кубануу менен кабыл алышты. (UE)

XS
SM
MD
LG