Окуя өлкө батышындагы Анбар провинциясында болду.
Провинция губернатору Кассим ал-Фахдавинин билдиргенине караганда, депутат Иффан ал-Иссави бүгүн Фалужа шаарында бир нече жансакчысы, жөн–жай тургундар менен кошо мерт болгон.
"Франс Пресс" агенттиги полицияга шилтеме жасап кабарлагандай, жардырууну депутаттын жанында жанкечти жасаган. Ал-Иссави сунниттердин Иракия блогунун мүчөсү эле. Ал блок премьер-министр Нури ал-Маликинин улуттук биримдик өкмөтүнө кирет.
Суннит депутаттын өлүмү өлкөдө саясий тиреш күчөп турган учурга туш келди. Суниттер акыркы үч аптадан бери Анбар провинциясында премьер-министр Нури ал –Маликинин шийиттер үстөмдүк кылган өкмөтүнө каршы демонстрацияга чыгышкан. Аталган провинциянын калкынын көпчүлүгүн суниттер түзөт. (UE)