Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Роберт Блейктин Кыргызстандагы иш сапары башталат


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк эки күндүк иш сапары учурунда Кыргызстандын президенти, премьер-министри жана биринчи вице-премьер-министри менен жолугушат. Анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болот. Мындан тышкары ал жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө.

Эртең Роберт Блейк Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышат. Кеңешмеде Блейк баштаган делегация аймактагы туруктуулук жана коопсуздук, демократия жана мыйзамдуулук, адам укуктары, энергия, маңзат менен күрөшүү, билим берүү жана маданият жаатындагы алмашуулар, экономикалык өнүгүү жана соода маселелери боюнча кыргыз-америка мамилелерин талкуулайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти.

Айрым маалыматтар боюнча, Роберт Блейктин иш сапары учурунда “Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын аскер базасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү болору айтылууда. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев АКШ баштаган антитеррордук күчтөр өлкө аймагынан 2014-жылы толугу менен чыгат деген сөзүн байма-бай кайталап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG