Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Кыргызстандан эт сатып алууга ислам мамлекеттери кызыкдар


Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча өткөн жылы Иранга 110,3 тонна койдун эти экспорттолгон. Мындан тышкары Иран, Кувейт жана Араб Эмираттарына 12 миңден ашуун майда жандыктын жана 4 миңден ашуун бодо мал тирүүлөй сатылган.

Ошол эле учурда Кыргызстандын өзү АКШ жана Бразилиядан дээрлик 56,5 миң тоннадан ашуун куш этин импорттогон. Ал эми Кытайдан 8 миң тонна чочконун,
570 тонна уй жана 10 миң тонна куш эти, Индиядан 520 тонна уй, Монголиядан 135 тонна жылкы, 20 тонна кой эти сатып алынган. Мындан тышкары Орусия менен Голландиядан 4 миң тонна балык азыктары Кыргызстанга импорттолгон.
Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция этти экспорттоо жана импорттоо учурунда мыйзам бузуулар болбогонун эскертет.

Өткөн жылы эл аралык уюмдар Кыргызстанда жашаган үй-бүлөлөрдүн 70% тойо тамак жебегенин жазып чыгышкан эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG