Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Жүк ташуучу машинелердин айдоочулары митингге чыгышат


Айдоочулардын нааразылык акциясы бүгүн Жогорку Кеңештин алдында болот. Алар жалпы Кыргызстандын жолдорунда жүрүүчү жүк ташуучу унаалардын жүк салмагын 48,5 тоннадан 44 тоннага түшүрүүнү талап кылышууда. Мындан тышкары митингде "Жүк-көлөмдү көзөмөлдөө" тармагы менен туннел кызматын бириктирүү талабы да коюлмакчы. Оор жүк ташуучу машине айдоочулардын «Торугарт» коомунун төрагасы Жолдошбек Абдыкасымовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, акцияга Ош –Эркеч-Там, Талас – Тараз жана Ысык-Көл – Алматы багытында жүк ташыган айдоочулар да кошулушат.

Буга чейинки нааразылыктардан улам кыргыз өкмөтү 2011-жылы 8-августтагы токтому менен оор жүк ташуучу автоунаалардын жүк салмагын 48,5 тоннадан ашпасын деген чек койгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG