Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Сохтун тургундары: Компенсация ишкерлердин жана элдин эсебинен төлөнүүдө


Алгачкы компенсация машинелер үчүн берилди.
Алгачкы компенсация машинелер үчүн берилди.
Чек ара чатагында кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгым Өзбекстандын Сох районундагы жергиликтүү ишкерлердин жана тургундардын эсебинен төлөнүп жатканын “Азаттык” байланышкан айрым сохтуктар билдиришти.

Сохтун Мансур ысымдуу тургуну “баарын акимиятка чогулткан соң ишкерлердин ар бирине 2 миллион сумдан салык салышты”, - деп айтты. Эки миллион сум акча алмашуунун Өзбекстандагы расмий курсу боюнча бир миң долларына барабар.

Сохтун Муминжон ысымдуу дагы бир жашоочусунун билдиргенине караганда, бийликтер тарабынан акимияттагы жыйында кыргыз тарапка компенсация төлөө үчүн жергиликтүү тургундар да каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошуусу керектиги айтылган.

Өзбекстан тарап чек ара чатагында келтирилген материалдык чыгымды төлөй баштаганын бүгүн “Азаттыкка” Баткен облусунун бийликтери ырасташкан. Облустук милиция башчысынын орун басары Болот Мырзалиев:

- Машинелери Өзбекстан тарапта калды. Бирок машиналарга келтирилген зыяндарды Америка валютасы менен 800 доллардан, 10 миң долларга чейин төлөп беришти. Сох районунун акими менен айыл башчылар келип төлөп жатышат. Акча кайсы жактан келгенин мен билбейм.

Облустук милициянын маалыматына караганда, талкаланган унаалары үчүн 15-январга карата Кыргызстандын сегиз жаран компенсация алган.

Чек арада 5-6-январда болгон чатактан бери Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы жолдордун баары жабык турат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратовдун бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр келтирилген материалдык чыгым төлөнгөндөн кийин гана жүрөрү Өзбекстан тарапка айтылган. Кечээ кыргыз тарап чек арадан мыйзамсыз өттү деген жүйө менен Өзбекстандын үч жаранын камакка алганы кабарланган. (UE/JSA)

XS
SM
MD
LG