Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Германияда орус тыңчылары деп шектелгендердин соту башталды


Жубайлар Андреас жана Хайдрун Аншлаг Германиянын коопсуздук саясаты жана НАТОнун операциялары тууралуу жашыруун маалыматтарды адегенде Советтер союзуна, кийин Орусияга берген деп айыпталышууда.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, алар Батыш Германияга мындан 25 жыл мурун Австриянын жасалма паспортторун колдонуу менен жайланышкан. Орус тыңчылары деп шектелгендерди немис тарап былтыр октябрда камакка алган. Соттун алгачкы отуруму кечээ Штутгарт шаарында өттү.

Жубайлар аларга тыңчылык боюнча тагылган айыптарды четке кагышты. Эгер күнөөлүү деп табылышса, алар узак жылдарга түрмөгө кесилиши мүмкүн. Сот өкүмү июнь айына барып чыгары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG