Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият комитети тарабынан уюштурулуп жаткан жыйын бүгүн Бишкектеги И. Арабаев атындагы университетте болот. Анда балдарга диний билим берүүнүн сапаты талкууланмакчы. Жыйынга муфтияттын, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү, дин маселелери боюнча эксперттер катышат. Аталган иш-чара Кыргызстанда ислам багытындагы билим берүүнүн маселелерине арналган алгачкы талкуу болуп саналат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы 80ден ашуун медреселердин бири да билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ же толук эмес билими тууралуу күбөлүк же аттестат бербейт. Ошол эле учурда Орус православ чиркөөсү балдарга диний билим берүү менен чогуу эле кадимки табият таануучу сабактарды да үйрөтөрүн, аягында аны бекемдеген документ же аттестат берет деп айтылат маалыматта. (ZKo)