Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

МАГАТЭ делегациясы Ирандын Парчин комплексине кирүүнү көздөйт


Ушул аптада Тегерандагы сапары учурунда Парчин аскерий комплексине кирүүгө үмүттөнөрүн бүгүн МАГАТЭ делегациясынын жетекчиси Херман Накаертс билдирди:

- Бизге Парчинге кирүүгө жол берилет деп үмүттөнөбүз. Эгер жол ачылса, биз муну кубаттайбыз. Силер көрүп тургандай, биз барууга даярбыз.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин баш директорунун орун басары Накаертстиндин айтымында, алардын сапары Иранда инспекцияны жандандыруу боюнча келишимди аягына чыгаруу максатын көздөйт.

Тегеран да МАГАТЭ менен кеңири масштабдагы келишимге жетүүгө үмүттөнөрүн Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпараст билдирди. Бирок ал МАГАТЭ делегациясы Парчин комплексине кире аларын жокко чыгарды. Мехманпарастын айтымында, Парчин комплексинин Ирандын өзөктүк программасына тиешеси жок.

МАГАТЭ Иран өзөктүк тажрыйбаларды дал ушул комплексте өткөргөн деп узактан бери шек санап келет.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал программасын жашыруун өнүктүрүп жатат деп эсептешсе, Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат.

XS
SM
MD
LG