Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Өзбекстан Сох жаңжалы үчүн материалдык чыгымды төлөөдө


5-январдагы жаңжалда машинелери талкаланган кыргызстандык жарандарга кечээ 25,4 миң доллар накталай берилди. Мындан тышкары электр зымдары, зым карагай кулаган турак жай ээлерине да компенсация төлөнөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, облустук бийлик өзбек тарап менен моралдык чыгым, жабыркагандардын дарылануусуна кеткен каражатты төлөө боюнча да сүйлөшүүнү көздөөдө.

5-7-январдагы Сох-Чарбак жаңжалында Сох анклавынын ичинде кыргыз жарандарына тиешелүү 17 машине талкаланып, экөө өрттөлгөн. Алардын баары азыр жараксыз абалда. Мындан сырткары Сохтун Хушяр айылынын тургундары Чарбак айылына бастырып киргенде дагы үч машине талкаланган.

Мурдараак өзбек жарандары Чарбак айылында 15 электр мамысын кыйратып, 1,5 чакырым узундуктагы электр зымын өз аймагына алып кирип кетишкени кабарланган. Ошондой эле 30 адамды барымтага алганда аларды уруп-сабоо менен жанындагы акчаларын, мобилдик телефондорун, документтерин жана башка баалуу буюмдарын тартып алышканы айтылган эле.

5-январь күнү Кыргызстандык чек арачылар Чарбак айлындагы чек ара тозотуна электр зымдарын тартуу үчүн барган учурда коңшулаш Хушяр айлынын тургундары аларга каршылык көрсөтүп, аягы жаңжалга айланган. 6-январь күнү хушярлыктар отуздан ашуун кыргызстандык жарандарды түрдүү жолдор менен барымтага алышып, кийинки күндөрү алар кайра бошотулган. Өзбек тараптын ырастоосунда, кагылышуу учурунда алардын кеминде үч жараны ок жеп, жаракат алган. Кыргыз чек арачылары болсо ок асманга атылганын билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG