Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Чарбак чатагын парламентте кароо талабы коюлду


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чарбак чатагынын чыгыш себептерин жана кесепеттерин парламентте талкуулоо керек. Мындай талапты ушу тапта өтүп жаткан Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айрым депутаттар койду.

Чарбак айылында чыккан жаңжал Баткен облусунун гана эмес, жалпы Кыргызстандын проблемасы экени айтылды. Окуянын кесепеттерин жоюу, элге жардам кылуу, мындан ары ушул сыяктуу чатактарды алдын алуу боюнча өкмөттүн отчету талап кылынды.

Ушул айдын башында Баткен районунун Чарбак айылында Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары менен чыр чыгып, отузга жакын кыргызстандык өзбек тарапка барымтага алынган. Бир суткадан кийин коё берилген. Эркектери ур-токмокко алынганы аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG