Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстанга АКШ мамкатчысынын өкүлү келди


АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган расмий жетекчилер менен жекеме-жеке жолугушаары болжолдонууда. Ушул эле күнү жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугушат. Мындай маалымат АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынды.

Мурда маалымдалгандай Роберт Блейктин Кыргызстанга сапары маалында Борбор Азиядагы коопсуздукка, “Манас” транзиттик аба базасынын мындан аркы ишмердигине байланышкан маселелер бийик деңгээлде талкууланат. Коалициялык күчтөрдүн транзиттик борборунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт.
Буга чейин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев транзиттик борбордун Кыргызстандагы ишмердиги улантылбай тургандыгын бир нече ирет билдирген. Бул маселеге байланышкан талкуулар эртең да кеңири чөйрөдө уланат жана жыйынтыктары боюнча тараптар маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу кечээ Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлашкан. Роберт Блейк Бишкекке Түркмөнстан аркылуу келди. (BuS)

XS
SM
MD
LG