Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Үч-Коргондо катуу шамалдан жабыркаган мектептин чатыры оңдолууда


Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы С.Айни мектебинин чатыры ушул айда калыбына келтирилет. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл округунун башчысынын милдетин аткаруучу Хакимжон Сулайманов «Азаттыкка» билдирди. 12-январда болгон катуу шамал мектептин чатырындагы 130 шиферди учуруп кеткен.

Жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен берилген акчага жабыркаган чатырды жаңылоо иштери башталды. Жаңы чатырды жергиликтүү усталар жабат. Жалпы чыгым 100 миң сомдун тегерегинде экени айтылууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG