Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Чек арадагы Кара-Шорого кетчү жолду кардан тазалоо убактылуу токтоду


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара аймагында жайгашкан Баткендин Кара-Шоро айылы менен жол каттам дагы эле жабык турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Баткен районунун Чарбак айылындагы жакында болгон окуяга байланыштуу чек ара посттору жабылгандыктан Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро айылына адамдар Шивели жайлоосу аркылуу каттап жаткан. Бирок 12-январда ал жерге калыңдыгы 1,5 метр кар жаагандыктан жол убактылуу жабылып калган. Тиешелүү техника тартылып, 45 чакырым жолдун 32си тазаланып бүтүп калган. Бирок Ак-Кайың ашуусунун этегиндеги жол жээкте кардын көптүгүнө байланыштуу жумуш убактылуу токтотулду. (RK)

XS
SM
MD
LG