Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айыл мектебинде бүгүн эртең мененки саат тогуздарда өрт чыкты. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр чыгып, бирок жолдогу кардын калыңдыгынан жана ички чарбалык жолдордогу кар күрткүнүн айынан жете албай жатканын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Өрт өчүрүүгө жергиликтүү тургундардан 300 адам тартылып, компьютер, эмерек жана китептердин басымдуу көпчүлүгүн сактап калууга мүмкүн болду. Бирок мектептин имараты жарактан чыгып калганы айтылууда. Адамдар арасында жабыркагандар жок.
Мектеп 70 орунга эсептелген, 2001-жылы ашар жолу менен курулган. Дубалы чийки кирпичтен, чатыры жыгач, шифер менен жабылган. Окуу бөлмөлөрү меш менен жылытылчу. 83 окуучу, 17 мугалим бар.
Кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. (RK)