Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:35

Чек арадагы айылдар маселесин парламент жабык кароодо


Ушу тапта Жогорку Кеңеш Кыргызстандын коңшулар менен чектеш айылдарындагы, талаш жерлердеги абал, Чарбактагы чатактын себептери жана кесепеттери боюнча маселени талкуулоодо. Бирок жыйын журналисттердин катышуусусуз, жабык өтүп жатат. Депутаттардын көпчүлүгү жыйынды жабык өткөрүү керек деп добуш берди.

Бүгүн эртең менен депутат Чолпон Султанбекова Чарбак чатагынан жабыркаган жарандар жардам сурап жатканын, бул маселеге өкмөт да, парламент да олутуу маани бериши керек экенин айтты. Депутат айымдын бул айтканын башка бир катар парламентарий да колдоп, өкмөт өкүлдөрү менен чогуу талкуулоону сунуш кылды. Кооптуу абал Баткен районунда гана эмес, Лейлектеги чек ара айылдарында да түзүлүп жатканы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG