Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик эгемен кызматташтыгынын 20 жылдыгы белгиленүүдө


Бул күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз дипломаттарынын айтымында, салтанаттуу жыйын уюштурулуп, кызматташтыктын бүгүнкүсү жана келечеги талкууланды, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаевдин бул датага арналып жазылган китебинин бет ачары болду. Фотокөргөзмө ачылып, "Манасчы", "Биринчи мугалим" кыргыз кинолору көрсөтүлдү.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 14-январында түзүлгөн.

Эки өлкөнүн ортосунда саясый жактан жакшы кошуналык жана кызматташтык мамилелер калыптанып калганы менен чечилбеген чек ара маселелери бар экенин талдоочулар айтып келет.

Өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун "Азаттыкка" айтымында, ортодогу чек аранын узундугу 970 чакырым. Анын 567си гана такталган. (RK)

XS
SM
MD
LG