Ирактын түндүгүндө жана Багдадда бүгүн болгон чабуулдарда кеминде 23 киши мерт кетти. Көп улуттуу Киркук шаарында эки машине жардырылып, 16 киши өлүп, 190 адам жараат алды. Биринчи машине Күртистан демократтык партиясынын регионалдык лидери Масуд Барзанинин кеңсесинин жанында, ал эми экинчи бомба ага чукул жерде жардырылган.
Киркуктан 75 км алыстагы Туз Курмати шаарчасында автомобилчен жанкечти жардырган бомба эки кишини набыт кылды, 26 киши жарадар болду. Багдаддан 300 км түндүктөгү жана мунайга бай Киркукта араптар, түркмөндөр жана күрттөр аралаш жашайт.
Бүгүн эле Багдаддын үч башка жеринде болгон кол салууларда беш киши жан берди.