Ирландиянын супермаркеттеринде, анын ичинде Tesco дүкөндөрүндө сатылган гамбургерлерде жылкынын эти колдонгону аныкталды. Ирландиянын азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы жылкынын клеткасындагы ДНК эч кимдин ден соолугуна зыян келтирбесин, бирок “айрым кооптонууну жаратканын” билдирди.
Британиянын Tesco корпорациясы жылкынын этинен жасалган гамбургер сатканы үчүн кардарлардан кечирим сурап, этияттык ирети Британия менен Ирландиянын супермаркеттеринде сатылган гамбургерлерден компаниянын атын алып саларын билдирди. Tesco чекене соода тармагындагы дүйнөдөгү үчүнчү чоң компания. Дүйнөнүн 13 мамлекетинде 6 350 чамалуу дүр-дүйнө дүкөнү бар.